Японияда ченемден тышкары ысык аба ырайы орун алып 4 адам каза болсо, миңден ашуун адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу батыш маалымат булактары жазып чыкты.
Маалым болгондой, бир нече күндөн бери Япониянын бардык аймактарында абанын температурасы +30 градустан жогору болуп, айрым жерлерде +39 градуска чейин жеткен. Мындай ысык аба ырайы бир нече күнгө созулгандыктан, тургундар өлүмгө дуушар болууда. Учурда 1042 адам баш мээсине ысык өткөрүп алгандыктан ооруканага жаткырылган.
Кошумчалай кетсек, өткөн жылы Японияда ченемден тышкары ысык аба ырайынан 44 адам каза болуп, миңден ашуун тургундар ооруканага түшкөн.