
АКШда рак оорусу менен жабыркаганын айтып, элден каражат топтогон аял шылуун болуп чыкты. Ал бул кылыгы үчүн 2 жылга эркинен ажыратылды. Мындай маалыматты чет өлкөлүк басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, Флорида штатынын Ведоути Хубраж аттуу тургуну атын Шивони Деокаран деп өзгөртүп, рак илдетине чалдыкканын коомчулукка айтып, дарылануу үчүн каражат топтоп жүргөн. Ведоути Хубраж адамдардын ишенимине кирүү үчүн чачын алдырып салган. Ага боору ачыган кайрымдуу жарандар электрондук капчык аркылуу 51 миң доллар акча которгон.
Жетиштүү каражат чогулгандан кийин Ведоути Хубраж Флорида штатынан Нью-Йоркко келген. Бирок анын кытмыр иши билинип калып, ага издөө жарыяланган. Ыкчам иликтөө аракеттеринин натыйжасында ал полиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Жергиликтүү сот алдамчылык үчүн аны 2 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды.