Германияда лотерея аркылуу мүрзөдөгү жайлар ойнотулуп баштады. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Германиянын Берхстесгаден аймагындагы мүрзөдөгү жайлар эми лоторея аркылуу берилет. Буга чейин аймактык администрация жердин тартыштыгынан улам башка аймактык каалоочулардын сунушун кабыл албай келген.
Бийлик өкүлдөрү бул маселени чечүү максатында Берхтесгаденден 200 жер тилкесин бөлүп, жайлар лотереялык оюн аркылуу гана берилерин билдирген. Учурда лотереяга катышуу үчүн 280 адам арыз жазган. Биринчи оюн 18-июлда өткөрүлөрү айтылууда.