Камакта жаткан саясатчылар мунапыска илингендердин санын көбөйтүү керектигин айтышууда

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов абакта жаткан саясатчылар менен жолугуп келишти. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Нурдин Сулайманов билдирди.

Сулаймановдун айтымында, Руслан Казакбаев менен өтүп бара жаткан айдын башында абакта жаткан бир топ саясатчыларга жолугуп, абалы менен таанышып кайтышкан.

"Мурдараак УКМКнын кармоочу жайында жаткан саясатчыларга кирип, абалы менен таанышып чыкканбыз. Кийин Руслан Казакбаевдин демилгеси менен башка абакта жаткан саясатчылар менен жолугуп келдик. 27-түзөтүү колониясында жаткан "Элдик парламенттин" мүчөлөрү Марат Султанов, Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Дүйшөнкул Чотонов, Бектур Асанов, Петровка айылында жайгашкан 8-колониядагы Эрнест Карыбеков, "Мегакомдун" жетекчисинин мурдагы кеңешчиси Алмаз Абеков, башкы директору Азамат Мурзалиевдерге жолуктук.

Абактагылар саламаттыгы тууралуу маселе айтышкан жок, депутат Казакбаевге кайрылып, өздөрүнө тагылган айып туура эмес, жасалма экенин билдиришти. Ошондой эле мунапыс маселеси тууралуу да айтышып, мунапыска илингендер аз болуп калгандыгын, санын көбөйтүү керектиги жөнүндө маселелерди көтөрүштү", - деди Сулайманов.

Эске салсак, 22-июнда Нурдин Сулайманов жана депутаттар Руслан Казакбаев, Кенжебек Бокоев, Урматбек Самаевдер УКМКнын абагында отурган Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаевдин абалы менен таанышып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Azatbek.Svoboda.
2018-07-16 02:14:25
С.Жапаров.Ө.Текебаев аларга эмне барышпаптырбы??????!
+4
Mustafo
2018-07-16 08:37:15
Өздөрүнө мунапыс сураган жокпу теги жегиштер.
+4
Shahrizaada
2018-07-16 12:15:26
Элдин акчасын жеп,турмодо жатып мунапыс сурагандан коро кулча жашаган артык!
Буларга окшогондордун дагы даалайы ак уйду арам буттары мн тебелеп журушот.Ушул акмактардын айынан кыргыздар не кундорду гана корбоду талаалап!
+3
Jelezo
2018-07-16 12:57:33
Мискенбаев коркпой деле койсо болот сот залынан эле чыгып кетет.Бирок Тынардан этият бол алайган көзү менен атам деп жүрөт экен.
+1
Aitik
2018-07-16 15:40:21
Мегакомду тоноп жыргаган Абековго мурзалиевге мунапыс жок.
Коррупцияга малынгандарга мунапыс жок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан