Бүгүн, 15-июлда эстрада ырчысы Арсен бойдокчулук менен коштошууда. Тактап айтканда, борбордогу этнокомплекстердин биринде ырчынын сүйүктүүсү Бегайымдын кыз узатуу тою өтүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Арсендин менеджери Миргуль Эсеналиева билдирди.
"Бүгүн эки жаш баш кошуу алдында турат. Бегайымдын кыз узатуу тою "Супара" этнокомплексинде өтүп жатат. Тойдо алып баруучулук кызматты актёр Жаныш Майр аркалоодо. Ал эми Бегайымды залга Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова "Ай, кызым" ыры менен алып чыкты", - дейт ал.
Белгилей кетсек, күйөө баланын жолдоштору ырчы Омар, чач-тарач Тилек Бекболотов, тамада, актёр Санжар Мыкыев жана Марат Кабаев, Рустам мырзалар болушту.
Түгөйлөрдүн заманбап үлпөт тою 18-июлга белгиленген.