Ооганстанда жашаган памирлик кыргыздардын башчысы Эраалы хан 68 жашында каза болду. Бул тууралуу аталган аймакты изилдеген Жаңыл Жусупжан өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып чыкты.
"Эраалы хан катуу оорудан улам Тоолуу-Бадахшандан Мургабдагы ооруканага жеткирилип, ошол жерден үзүлүп кеткен", - деп жазган Жаңыл Жусупжан.
Айта кетсек, 2017-жылы өлкөгө Кичи жана Чоң Памирден 6 үй-бүлө, тагыраагы, 33 этникалык кыргыз келген. 2018-жылдын февралында дагы эки үй-бүлө көчүп келген. Ал эми Ооганстандын Кичи Памир жана Чоң Памир жергесинен келген 18 кыргыз 9-июлда кайра өз жерине кетишкен.