"Биздин укук" коомдук фондунун жетекчиси Калича Өмүралиева Бишкек шаарындагы Шабдан баатыр көчөсүн 7-апрель деп өзгөртүү мыйзамсыз экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-июлда SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, аталган коомдук фонд көчөнүн аталышы боюнча маселени изилдеп, мыйзам бузууларды таап чыгышты. "Шабдан баатыр көчөсүн 7-апрель деп өзгөртүү боюнча токтом кээ бир мыйзамга каршы келет. Өкмөттүн токтомуна ылайык, 2020-жылга чейин көчөлөрдүн атын өзгөртүүгө мораторий киргизилген. Биз райондор аралык сотуна кайрылдык. Сотко берердин алдына Бишкек шаардык кеңешке кат жазганбыз. Бирок алар көчөнүн атын өзгөртүүнү артка кайтарып алган жок. Ошондуктан сотко кайрылууну туура көрдүк. Соттук отурум эртең, 17-июлда башталат", - деди укук коргоочу.
Айта кетсек, бул сунуш 2017-жылы "Айкөл Ала-Тоо" жана "Мекен шейиттери" коомдук уюмдары тарабынан көтөрүлүп, алар ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге кайрылышкан. Атамбаев бул сунушту Бишкек шаардык кеңешине жиберген. Шаардык кеңеш сунушту колдогон.