Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев мэр Албек Ибраимовду кызматтан кетирүү боюнча чечим өкмөткө жөнөтүлгөнүн айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-июлда SUPER.KG порталына билдирди.
Кененбаев чечим өкмөткө жөнөтүлгөнүн гана билдирип, бирок кайсы күнү жөнөтүлгөнүн айткан жок.
Бүгүн өкмөттүн басма сөз кызматы өкмөткө аталган чечим түшө электигин кабарлады.
Эске салсак, 13-июлда Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Шаардык кеңештин төрагасы билдиргендей, өкмөт башчы 3 иш күндүн ичинде шаардык кеңеш жөнөткөн токтомду карап чыгышы керек. Эгерде мэрге ишеним көрсөтпөө чечимин колдосо, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо күнүн белгилейт.