Бишкек ШИИББинин башчысы: "Депутат Бокоевдин кызына кол салуу боюнча кылмыш иши ачылган эмес"

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоевдин кызына кол салуу боюнча кылмыш иши ачыла электигин бүгүн, 16-июлда Бишкек ШИИББинин башчысы Сталбек Рахманов билдирди.

"Бул боюнча кылмыш иши ачыла элек, кылмыш кылган адамдарды издөө иштери жүрүп жатат", - деди ал өз сөзүндө.

Айта кетсек, 2017-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарынын 12-кичи районунда депутат Кенжебек Бокоевдин 17 жаштагы кызына белгисиз адамдар кол салышып, бычак менен бутка сайып качып кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2018-07-16 12:44:31
Атасы опозицияда болсо иш козголбойбу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан