Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан жыл башынан бери 5 миң 962 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 3 миң 989 иштин бети ачылып, сотко жиберилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин башчысы Сталбек Рахманов 16-июлда өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Ал эми 6 айда 460 оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталса, 381 кылмыштын бети ачылганын кошумчалады.
Ал эми 3 айда 297 тоноочулук фактысы катталып, 195инин бети ачылса, жыл башынан бери 4006 уурулук окуясы катталып, 1 миң 558инин бети ачылган. 4006 уурулук фактысынын 889у үйлөрдү тоноо боюнча катталган.