Бишкек ШИИББи: "Милиция менен жаңжалдашкан чет элдик жарандар Кыргыз жеринде мыйзамсыз жүрүшкөн"

Бишкекте милиция кызматкерлери менен жаңжалдашкан чет элдик үч жарандын экөө Кыргыз жеринде мыйзамсыз жүргөн. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин башчысы Сталбек Рахманов 16-июлда өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, алар өлкөдө мыйзамсыз жүрүшкөндүгү үчүн Свердлов райондук соту тарабынан депортация кылуу чечими чыккан. Сот чечими күчүнө кирсе, алар өз өлкөсүнө чыгып кетет.

"Үчөө тең туристтер эмес болчу. Алар Кыргыз жерине келип, жумуш издеп жүрүшкөн. Экөөнү Свердлов райондук соту тарабынан депортация кылуу чечими чыккан. Бирөө гана мугалим болуп иштеп жаткан. Сот чечими күчүнө киргенден кийин алар Кыргыз жеринен чыгып кетет", - деди Рахманов.

Белгилей кетсек, 3-июль күнү кечки саат 20:20лар чамасында кайгуул күзөт кызматкерлери Бишкекте жол эрежесин бузган чет элдик жөө жүрүүчүлөрдүн документтерин текшерүүгө алышып, түшүнбөстүктөн улам ортолорунда жаңжал чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aiba.8327
2018-07-16 14:50:27
Аа кокуй десе алынар озубуздун эле байкуштарга жетет...болбосо не учоону опкого эки уруптуруп...тыкчы жерине тыгып кой...энен
+5
arena2014
2018-07-16 14:55:54
Чет элдиктер кыргызстанда мугалим болуп иштеп калдыбы? Тан калыштуу!
+8
taalay25
2018-07-16 16:54:41
arena2014,тил борбордо иштеген волонтёрлор толтура
+3
bond02
2018-07-16 15:49:22
Акчасын алып журо беришсе керек да милициялар.
+6
jbolotov
2018-07-16 18:36:55
Эн туура чет элдиктерди кармап эмне максатта жургонун аныктап тактап туруш керек. Кыргызстанды тоготбой катоосуда жок экен, алпарып "упаковать" этип койсо оздоруно келип мыйзамыбызды сыйлашсын.
+1
sirgak_92
2018-07-16 21:38:06
Кыргызстанга дагы жумуш издеп келишеби эээ
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан