SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сүннөткө отургузуу. Кимге кайрылуу оң?" деген тема талкууга алынган.
Автор: "Балдарымдын чоңойгонун байкабай "Суперстанда" ойноп, күлүп жүрө бериптирмин. Азыр алардын ойноп жатканын карап отуруп аталык бир милдеттен кутулууну ойлой баштадым. Мага сиздердин кеңешиңиздер керек. Балдарымды дарыгерге алып барып отургузган жакшыбы же атайын сүннөткө отургузган кишилергеби?"
Темадагы билдирүүлөрдөн:
- "Туура ойлонупсуң, сүннөткө отургузуш керек".
- "Албетте, дарыгерге алып барышың керек. Баланы да, өзүңдү да кыйнабай. Медицинада сүнөткө отургузуунун эки түрү бар, жөнөкөй жана лазер менен. Врачтар лазер тез бүтөт дешет, кеңешип көрүңүз".
- "Дарыгер эле жакшы, биз жайында практикада сүннөт кестиргенге жардам бергенбиз, оңой, бат жана ишеничтүү, айыгуусу да тез болот".
- "Мурдагы күнү хирург-дарыгерге жасаттык. Кудайга шүгүр, жыйынтык жаман эмес. Менин оюмча, дарыгерге кайрылуу оң..."
- "Лазер менен кестирген 100 пайыз зыян деп айта алам, убагында билинбейт, анан 10 жылдан кийин зыян экени билинет".
- "Меникин бир чал кескен, азыркыга чейин эсимде, аябай кыйналгам. Сабакка юбка кийип барчумун, бир ай дегенде араң айыккан, ошон үчүн эртерээк кестирсеңер жакшы".
- "Эгер жакшы хирург сүннөткө отургузган болсо, 7 күндө жакшы болуп кетет. 2-3 күндөн кийин эле ойноп кеткен балдарды деле көрдүм".
- "Биз отургузган дарыгердин колу оор окшойт, балам эркелеп 10-15 күн жүрдү. Анан дагы атасына окшоп жалакай".
- "Канчага кессе деле бере бергиле, ал түбөлүктүү кала турган нерсе. Башындагы билдирүүлөрдү окуп бир күлүп алдым..."
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.