Буга чейин Бишкектин эки тургуну SUPER.KG'ге кайрылып, 23-июндан 24-июнга караган түнү эки милиция кызматкери аларды ур-токмокко алып, 10 миң сомун тартып алганын айтышкан. Бишкек ШИИББинин башчысы Сталбек Рахманов 16-июлда өткөргөн маалымат жыйынында SUPER.KG'нин суроолоруна жооп берип жатып жарандарды тоногон эки милиция кызматкери тең камакка алынганын билдирди. Анын айтымында, кылган аракеттери аныкталса, алар мыйзам чегинде жазага тартылышат.
"Бул факты боюнча толук ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, Биринчи Май РИИБи тарабынан кылмыш иши козголгон. Ошол эле РИИБдин кылмыш издөө кызматынын кызматкерлери тарабынан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын эки кызматкери кармалган. Азыр экөө тең камакта отурат. Ал эми акчасы кайтарылып берилбей калбайт, кайтарылат", - деди Рахманов.