Ысык-Көлдө өтүп жаткан "Тескей жээк" этнофестивалында 10 жаштагы кызга кол салган бүркүттүн кожоюну кыздын абалын сурап үйүнө барды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жабыркаган кыздын таенеси Бактыгүл Ибраева айым билдирди.
"Мен бүркүт кол салган кыздын таенеси болом. Неберемдин аты Азиза Карыйбекова. Атасы "Кумтөрдө", апасы шаарда иштейт. Неберем менин колумда жүргөн. Салбуурун учурунда небереме кол салган бүркүттүн кожоюну окуя болгон күнү кечинде келип кечирим сураган. Эртеси күнү дагы келип неберемдин абалын сурап, жардам көрсөтүп жатат. Мен арызданып, жардам бергиле деген жокмун. Мүнүшкөр деле жаш бала экен, ага эч кандай доом жок. Неберемдин аман калганына сүйүнүп жатам. Учурда Азизанын абалы жакшы, үйдөн эле дарыланып жатат. Бүркүттүн тырмагы анын башынын эки жерине, далысынын эки жерине кирип кеткен экен. Ошол жерлерин дарыгерлер тигип беришкен. Эми 10 күндөн кийин жиптерин алдырганы барабыз", - дейт ал.
Ал эми бүркүттүн кожоюну Салават Айбек уулу 10 жылдан бери мындай окуя болбогонун айтты.
"Мен 12 жашымдан бери бүркүт таптап келем. Кушту 5 жашында тор менен кармап, аны Чагылган деп атагам. 10 жылдан бери куш таптап, салбуурунга чыгып келгем. Чагылган былтыр өткөрүлгөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда салбуурунга чыгып биринчи орунду алган. Буга чейин бир да жолу адамдарга кол салган эмес. 15-июлдагы окуя кокусунан болду. Чагылган оюн талаасына чыга калган кызды эт берет деп ойлосо керек, дароо эле анын үстүнө конуп алды. Бүркүттүн тырмактары курч болгондуктан кыздын 4 жерин тытып кетиптир. Окуя болгондон кийин Азизанын үйүнө барып, кечирим сурап, алдынан өттүм", - дейт мүнүшкөр.
Эске салсак, Ысык-Көл облусунун Тоң районунда өтүп жаткан этнофестивалда 15-июль күнү бүркүт 10 жаштагы кызга кол салган.