Бишкекте жыл башынан бери 34 зордуктоо фактысы катталган. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Сталбек Рахманов билдирди.
Маалыматка ылайык, жыл башынан бери 34 зордуктоо фактысы катталып, алардын ичинен 31 иштин бети ачылып сотко өткөрүлүп берилген.
"Калган 3 факты боюнча да шектүүлөр кармалып камакка алынган. Бул иштер сотко өткөрүлүп бериле элек болгондуктан бети ачылды деп айтканга болбойт", - дейт Рахманов.