Спортчу Руслан Абазовдун жана Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнүн бети дале ачыла элек. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин башчысы Самат Курманкулов 17-июлда өткөрүп жаткан маалымат жыйынында билдирди.
"Учурда кылмыштын бетин ачуу боюнча тийиштүү иштер аткарылып жатат. Ачылып калат деген үмүттөбүз", - деди Курманкулов.
Эскерте кетсек, эл аралык аренада Кыргыз туусун желбиреткен, кикбокс боюнча Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Руслан Абасов мындан 4 жыл мурун өз унаасында болгон жардыруудан каза болгон. 2014-жылы 27-мартта саат 18:00 чамаларында Токмок шаарынын 3-кичи районунда Тойота Ленд Крузер 100 үлгүсүндөгү жол тандабас жарылган. Унаада Руслан Абасов жана анын аялы болгон, жардыруудан улам спортчу оор жаракат алып, ооруканага жетпей жолдо көз жумган.
Ал эми 2014-жылы 10-мартта дайынсыз жоголгон Камила Дүйшөбаеванын жансыз денеси 16-мартта Байтик айылындагы мүрзөнүн жанынан табылган.