14 жаштагы бала Бишкектеги Кан борборунан 10 күн мурун чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда

Бишкекте 2004-жылы туулган Бекзат Тешебаев аттуу бала дайынсыз болуп изделүүдө. Биринчи Май РИИБинин кылмыш издөө бөлүмүнөн SUPER.KG'ге 17-июлда билдиришкендей, Бекзат 24-июнь күнү Бишкектин Тынчтык проспектисинде жайгашкан Республикалык кан борборунан чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
"Ал Кан борборунда Бекзаттын таенеси иштейт экен. 24-июнь күнү жанында болгон. Бирок бир убакта сыртка чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Учурда аны шаардан көрүп билгендер маалымат берип жатышат. Бирок табыла элек", - деп билдиришти РИИБден.

Өзгөчө белгилери: бою 150-155 сантиметр, орто бойлуу. Үстүнө кызыл түстөгү чатыраш көйнөк, астына көк түстөгү чолок шым, бутуна тапичке кийип жүргөн.

Эгерде Бекзат Тешебаевди көргөн-билгендер болсо, Биринчи Май РИИБинин 0701 41 19 79, 0550 10 24 86, 0555 75 79 55, 0550 10 21 70 же 102 номурларына чалып, кабарлап койсоңуздар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан