7-Апрель көчөсүнө мурдагы атын кайтаруу демилгесине нааразы болгондор чыгышты

"Айкөл Ала-Тоо" уюму Бишкектеги 7-Апрель көчөсүнө мурдагы атын кайтаруу демилгесине нааразы болууда. Уюмдун активисттери бул маселе боюнча төмөнкү кайрылууну жөнөтүштү.

"7-Апрель көчөсүнө кайра мурдагы атын койдурам деп коомго бүлүк салып жаткандардын негизги максаты - бакиевдик режимди алып келип, "Апрель элдик революциясынын" баалуулуктарын жокко чыгаруу!

2010-жылдын 7-апрель күнү 87 мекендешибиз курман болуп, элибиз Бакиевдин үй-бүлөлүк, кландык, криминал аралашкан режимин кулаткан. Ошол күндөн тартып өлкөбүз жаңы жол менен өнүгүп баштады. Мурдагыдай буюртма менен бир дагы саясий өлүм болгон жок. Алмазбек Атамбаев өз бийлигин тынчтык жолу менен өткөрүп берди.

Айрым саткын саясатчылар биздин элдин айкөлдүгүн пайдаланып, биздин кечээки тарыхты бурмалап, Апрель революциясынын баалуулуктарын талкалап жатат. Биз Бакиевдин заманынын кайтып келишин жана үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербейбиз! Өзүн коомдук активист деп көчөнүн атын өзгөртөм деп жаткандардын иш-аракетин акылсыздык жана провокатор деп баалайбыз!" - деп айтылат кайрылууда.

Буга чейин "Биздин укук" коомдук фондунун жетекчиси, юрист Калича Өмүралиева Бишкек шаарындагы Шабдан баатыр көчөсүн 7-Апрель деп өзгөртүү мыйзамсыз экенин билдирген. "Шабдан баатыр көчөсүн 7-Апрель деп өзгөртүү боюнча токтом кээ бир мыйзамга каршы келет. Өкмөттүн токтомуна ылайык, 2020-жылга чейин көчөлөрдүн атын өзгөртүүгө мораторий киргизилген. Биз райондор аралык сотуна кайрылдык. Сотко берердин алдында Бишкек шаардык кеңешке кат жазганбыз. Бирок алар көчөнүн атын өзгөртүүнү артка кайтарып алган жок. Ошондуктан сотко кайрылууну туура көрдүк" деген укук коргоочу.

Айта кетсек, Бишкектеги Шабдан баатыр көчөсүн 7-апрель деп өзгөртүү сунушу 2017-жылы "Айкөл Ала-Тоо" жана "Мекен шейиттери" коомдук уюмдары тарабынан көтөрүлүп, алар ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге кайрылышкан. Атамбаев бул сунушту Бишкек шаардык кеңешине жиберген. Шаардык кеңеш сунушту колдогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Pchelka85
2018-07-17 14:23:43
Башка кылаарга иштери жокпу бул активисттердин??? Кочонун аты алмашса да алмашпаса да элдин баары билет го 7 апрельде эмне болгонун.. кичине пайдасы тийчу иштерди кылсанар...
+7
Bazake
2018-07-17 14:42:09
Бул Атамбаевдин куйту саясаты. 7-апрелдеги кан төгүүгө таянып, аны менчиктеп алуу өз саясатын жүргүзүү аракети. Апрель деген телеканал, Апрел деген фонд ачымыш болуп былгытып жатат. 7-апрель окуясын бааласа бир жерин кысып ошол митингге чыгып каны төгүлгөндөрдү сыйлап таза иштебейт беле? Элдин жашоосу оңолбосо, көчөнүн атын өзгөртүп эмне өзгөрсүн.!!! Канды кайнатат!
+15
Pchelka85
2018-07-17 16:13:57
Bazake, вот и я о том же. Андан коро ошол апрельде шейит кеткендердин уй булоолоруно дардам ьерсе ьолмок.
+4
Ka2sr1
2018-07-17 14:25:07
Бакиевдин адамдары кылып жатат.
-2
bond02
2018-07-17 14:37:23
Мурдагы эле атын коюп койгулачы э, 7 апрель катардагы эле кун кадимкидей эле.
+6
bekmirzach
2018-07-17 14:48:01
Кылаар иш жок калгансып көчөнүн атын өзгөртүп саышыты эле негизи туура эмес 7 апрель баатырлардын эмгектери Шабдан баатырданда ашып кетиптир. бул обужоктукту Мискенбаев аркылуу Атамбаев жазаттырган болчу.
+4
Mirlan27011987
2018-07-17 14:50:02
7 апрельде эл которулуп кылмыштуу Бакиевдин режиминен кутулганбыз. Бакивдин снайперлерине карабай ошол жактагы жаштар, элдер артка качпагыла деп кыйкырып, октон коркпой журушкондоруно тан калганбыз. Кыргыздын канында Манастын каны, каары бар деген чын экен. 7 апрелде мен Италияда болчумун коруп алып италиялыктар тан калышкан, кыргыз жаштары эр журок экен деп. Ким кандай жамандасын Аксы окуясы, Апрель окуясы биздин чондорго сабак болсун.
-1
Mamiev
2018-07-17 16:26:05
Mirlan27011987,ким айтты пикетке чыккандар баатыр болот сабак болот деп. Ошту унутуп койдунбу.Аксы окуясы Бекназаров үчүн болгон апрель окуясы Атамбайып үчүн болду. Ал митингге катышкандар өздөрүн баатыр сезип жүрүшөт. Ошто эмне үчүн эстебей өзбек эли менен согушуп кыргыздын канчалаган жигиттери курман болду. Мына ошолор баатырлар
+7
Dalil
2018-07-17 20:44:50
Mirlan27011987, өлгөн кишинин артынан жамандаган болбойт. Бирок чындык айтылуусу керек. Ошол 87 курман болгондордун баары баатырдык кылышып өлдүбү? Мына ушул суроого жооп бер. Алардын кээ бири жөн гана митинг көргөнү чыккандар бар эле. Аны маркумдун апасы айтып ыйлап жаткан. Кээ бири Жаш-Гвардия бульварында ичип алган ичимдиктен кийин өзүн билбеген жарандар бар эле. Баары эле баатырдык кылып өлдү деген туура эмес.
+1
Dalil
2018-07-17 20:52:23
Жаңы бийлик келгенде элди өзүнө көңүл бурдуруу үчүн баарына тегиз баатырдык наамын жана миллион сомдон берди. Эгер алар бийлике таза келсе антпейт эле. Ошол күнү өлгөндөрдүн баары ак үйдүн үстүнөн атылган снайпердин огунан өлдүбү? Же арттан тийген октонбу? 7-апрель көчөсүнө кайра мурдагы атын кайрып бергени туура болот. Ансызда азыркы бийлик башына келгендер эле майрамдабаса көпчүлүк үчүн катардагы эле күн.
+1
Bazake
2018-07-17 14:51:35
Атамбаев 7-апрелдеги элдин умутун актабай уурулук менен алектенип,эми бир кочону ыйгара коюп баатыр болом деген аракети. Уят
+4
filis
2018-07-17 15:00:03
7 апрель окуясына асылгандар озунордун уятынарга койдук. Силерди ошол жакта Бакиевдердин куралынан кансырап олуп, ок жеп жаракат алып, канча деген адамдар майып болуп, бир туугандары чырылдап калышты, алар менен башынар оорубайт. Бироонун оорусу бироого сезилбейт болуп жатасынар. Эртен силердин да бир тууганынар Сокенин куралынан майып болуп калса, силердин оорунарды эч ким карайбайт. Суйлоп коюш силер учун оной. Ошондой эле ушул окуяны саясатка жолотуп кереги жок.
-5
urmat-77
2018-07-17 15:51:38
Байтик баатырдын атын кайтарыш керек.Мискенбаев менен АШАнын баатырлары атын форумга койуп алышсын.Мискенбаев менен АШАнын элге кылганын эл билип эле турат.
+6
bahabaike
2018-07-18 00:07:12
Жеке мен учун силер кымындай да баатыр эмессинер оздорун баатырбыз деп ушу силер куйгуздунор! Чыныгы Баатырлар эл айтат а озу эмес.
0
Aima94
2018-07-18 02:28:19
Шабдан баатыр көчөсү болгон эле жакшы! Апрель окуясынын катышуучуларынын баары баатыр эмес! Ичип алып өздөрүн билбей жүргөнү далай болчу! Ош окуясында тирүүлөй аялды өрттөп, наристелердин далайы кырылган. Ал нерсе эмне үчүн көтөрүлбөйт? Өзбектердин баарын кырып тазалаш керек! Кыргызстанда жашаганы акысы жок алардын! Орустар депортация кылып тазалап салат андайды. Биздикилер паспортту картошканы саткандай сатышат! Коррупция башы менен эле кирип кетишкен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан