Бүгүн, 17-июлда президент Сооронбай Жээнбеков "Tokyo Rope MFG Co., Ltd" корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы Шигето Танаканы кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
"Кыргыз тарап Кыргыз-Япон достук мамилесин өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Биздин япон досторубуз Кыргыз өлкөсүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдошот. Биз жаратылыш кырсыктарын алдын алуу жана унаа жолдорунун сактыгын камсыз кылуу боюнча долбоорлордо активдүү кызматташууга даярбыз", - деди мамлекет башчысы.
Шигето Танака аталган корпорациянын Кыргыз мамлекетинде аткарган жумушу жөнүндө маалымдады.
Шигето Танака Кыргыз өлкөсүнүн инженерлерин кесипкөйлүк деңгээлин белгилеп, алардын дареметин, билим деңгээлин жогору баалай турганын билдирди.
Келечекте компания Кыргыз мамлекетинде гана эмес, башка өлкөлөрдө дагы сервистик тейлөө менен алектене турган инженерлердин санын 300 адамга чейин жеткирүүнү пландоодо.
"Биздин Кыргыз өлкөсүндөгү сервистик компаниябыз дүйнөлүк деңгээлге чыгат деген чоң үмүтүм бар. Корпорациябыздын аталган мамлекетте филиалынын ачылышы абдан туура кадам жана жардам болду", - деди Шигето Танака.