"Манас" аэропорту: "Аба ырайынан улам башка аэропортторго конгон учактар жүргүнчүлөрүн Бишкекке жеткирди"

Бүгүн, 17-июль күнү Бишкектеги "Манас" аэропорту эртең менен саат 6дан 8ге чейин чагылгандан улам жабык болгон. Мындан улам Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан учуп келген учак Оштогу, Түркиянын Стамбул шаарынан учуп келген учак Казакстандын Чымкент шаарындагы аэропортко конууга аргасыз болгон.

"Манас" аэропортунун маалымат кызматынан SUPER.KG'ге кабарлашкандай, аба ырайы турукташкандан кийин авиакаттам жанданып, Ош жана Чымкентке конгон учактар жүргүнчүлөрүн Бишкекке жеткиришти.

"Аэропорт убактылуу жабык болуп чет өлкөдөн учуп келген учактар башка аэропортторго конушкан. Аба ырайы турукташкандан кийин эле Бишкекке келип конушту" деп билдиришти "Манас" аэропортунан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sabette
2018-07-17 16:29:31
Аа жакшы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан