Бир ящик аракка жана 5000 сомго сатылган Чолпонайдын аянычтуу тагдыры

15 жашынан жетим калып, кыйналып чоңойгон 27 жаштагы Чолпонай башынан өткөн кыйын күндөрүн SUPER.KG порталына айтып берди. Анын айтымында, ал 4 бир тууганы менен ата-энесинен эрте ажырап, таякесинин колунда чоңойгон. Базарда коробка терип, нан бышырып иштеген Чолпонайды таякеси ур-токмокко алып кордогон. Ал турмуштун оордугунан тажап, 15 жашында эле өзүнөн 10 жаш улуу жигитке турмушка чыгып кеткен. Таякеси калыңын алган.

"Биз 2005-жылы Жалал-Абаддан Бишкекке көчүп келгенбиз. Жарым жыл өтпөй апамдын көзү өтүп кетти. Атам бизди бала кезибизде эле таштап кеткен. 4 бир тууганым менен таякелерибиздин колунда калдык. Базарда коробка терип, түрдүү оор жумуштарда иштеп акча тапчубуз. Эки сиңдимди базардан жоготуп, ошол бойдон таба албай калдык. Милиция дагы таба алган жок. Иштеп тапканыбыздын баарын таякеме берчүбүз. Таякем ага да ыраазы болбой, бизди ур-токмокко алчу. Акыры андан тажап 15 жашымда эле турмушка чыгып кеттим. Күйөөм ичкиликке берилген киши эле. Мени ар дайым басынтып, сабачу. Кыйналганымды таякеме айтсам "сени бир ящик аракка, суусундук жана 5000 сомго бергенбиз" деп, айтор, сатып жибергенбиз дегендей эле мамиле кылып койгон. 4 балалуу болгондон кийин аны менен ажырашып, өзүнчө батирге чыгып алдым. Эптеп жашап, күн көрүп жүргөнүмдө 1986-жылкы бир жигитке жолуктум. Ал менин балдарымды карап, жардам берет деген ойдо ага турмушка чыгып алдым. Бирок экинчи күйөөм менен да тагдырлаш боло албай ажыраштык. Кайненем уулу мага үйлөнөрдө "сага бойдок кыз алып берем" деп каршы болуптур. Андан боюмда бар экенимди айтсам "алдырып сал" дешти", - дейт Чолпонай.

Учурда Чолпонай 4 баласы менен Көк-Жар айылында жашайт. Акчасы жок батирдин ижара акысын төлөй албай карызга баткан. Карызы тамак-аш, турак жай ижарасын кошкондо 25 миң сомдон ашат. Өзүнүн паспорту, ал тургай балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү да ар кайсы дүкөндөргө күрөөгө коюлган.

"Ачка калган күндөр көп болот. Жардам берген туугандарым жок. Балдарым кошунанын балдарын көрүп балмуздак жейм, велосипед алып бер деп ыйлашат. Мен эмне кыларымды билбей жерге кирип кетким келет. Айла жок балдарымдын күбөлүктөрүн дүкөндөргө коюп, азык-түлүк алам. Батирдин акчасын 3 айдан бери бербей жүрө берип, карызым 25 миң сомдон ашып кетиптир. Акчам жок болгондуктан балдарымды да дарыгерлерге көрсөтө албай жатам. Кичүү баламдын башында шишик бар. Кулактарынан ириң аралаш суу агат. Ал эми ортончу баламдын көзү ооруйт, улуу балам астма оорусу менен жабыркайт. Курсактагы балама 8 ай болуп калды. Бир айдан кийин көз жарам. Менин эки бөйрөгүм ооруйт. Кокус төрөттөн чыкпай калсам, балдарым эмне болот?" - деп көзүнө жаш алып, сөзүн жыйынтыктады ал.

SUPER.KG порталы Чолпонайдын тагдыры, учурда жашап жаткан абалы жана балдарынын ден соолугу тууралуу Аламүдүн райондук социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлерине маалымдады. Тиешелүү мекеме Чолпонайдын үй-бүлөсү менен жакынкы күндөрү жолугуп, жардамдашып, социалдык камкордукка алышарын айтышты.


Жардам берүүнү каалагандар үчүн Чолпонайдын байланыш телефону: (0554) 84 85 25 (Элсом).

5000 сом жана 1 ящик аракка сатылган Чолпонайдын тагдыры
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Bazana
2018-07-17 18:43:39
Тагдырын эшек араба туулдун калдын балееге, эх жашоо жашоо
Канчалык кыйналсамда мен сени суйом омур
Ушул ыр саптары канчалык мааниге ээ э, сабыр жана сабыр каалайым , анан ушул турмушта коп кыйналган келиндер кайра коп торойбу деп дагы ойлойум коруп турасынбы балдарын кыйналганын зачем еще тороп кереги бар , врачка кайрылып сактанып алсанар болотко , талап кетпегиле жеке оюм . ((
+21
tram-lam
2018-07-18 14:23:14
Bazana,Туптуура айтасыз. Азыр эки козун бир-бирине душман заман, тороордон мурун ар кимге ишенип багат дебей, жалгыз озум болсо да бага аламбы деп сурашса оздорунон. Жолдошуна ишенсе болот, бирок ал каза болуп калсачы?
+2
talaa11
2018-07-17 19:23:28
Кайсы элдин жудоо корсон зайыбын ошол элдин уулуна кой айыбын! Ушундай эркектер юпка эле кийип алгылачы уйлонгондон кийин кичине болсода мойундагы жукту сезиш керекда
+36
adiaza
2018-07-17 19:57:05
Кесир кылбайм бирок балалуу болушту да шартка карап торош керек, байкуш балдардын эле убалы
+30
adiaza
2018-07-17 20:00:05
Мандайына жазылган тагдыры да, экинчи куйосуно тийгенде кичине байкап туруп анан балалуу болсо болот эле да
+12
Matahara1980
2018-07-17 20:10:59
ХХХХХХ ХХХХХХ депутаттар жардам бергиле ушундай бечараларга озунор эле жей бербей. Торт баласын таштап кеткен ачка калтырып, атасына наалат ошол ХХХХХ ХХХХХ , жер кучтуу экеенда
0
Matahara1980
2018-07-17 22:50:59
алынарга карап торобойсунорбу, бага аламбы жокбу деп, балдарды да несчастный кылып бутурдунор, эркегинде да катынында да мее жок
+17
ALINALISA
2018-07-17 23:43:52
Matahara1980,туура айтасыз. жашоон тынч болбогондон кийин кичине ойлонуп торош керек да. ошончо бала менен коркпой кантип дагы турмушка чыкты экен.
+8
Meken28
2018-07-18 08:38:22
Matahara1980,emne torogon ayalda ele kunoo barby torotkon erkekterchi,,oilonup toroboisunorbu deisiner ayaldyn en kyinalgan kezi baldary kichinekei kezde je ishtei albait baldary mn,,saktanganga da akcha tolosh kk ,azyr bolnitsaga barsan akcha suraiit,,bul jegeni nan tappasa kayaktan bolnitsaga barat,,Kuioosu aldap bagam dep algan,uiatsyz erkekter,,,oilonup torosun debesten,siler oilonup suilogulo,,erkekterine baryp aitkyla,oilonup ttorotpoisunbu dep
+2
Jasa
2018-07-18 13:58:32
Meken28,эркекке ишенгиче эки бутуна ишен деген соз бар,ырас бакбайт,ичет ,урат билип деле торой береби торт баланы келе десе эле ме сага дебестен отказ кылууну да уйронуу керекби

Бул келин болоору болуптур,кийинки ушундай ситуациядагыларга сабак болсун
Спиралга акчасы жок депсин,бул просто шылтоо.
+2
DNurgiza
2018-07-18 21:36:23
Meken28, туура айтасыз, кошулам.
0
admin_superstan
2018-07-18 10:40:07
Matahara1980, этика нормаларын сактаңыз!
0
Tolkun555
2018-07-17 21:36:10
Админ кимдин атына банк аркылуу акча Россиядан салса болот данныйын берип коёсунарбы?.
+7
admin_superstan
2018-07-18 11:12:39
Tolkun555,
Саламатсызбы! Жардам берүүнү каалагандар үчүн Чолпонайдын байланыш телефону: (0554) 84 85 25 (Элсом).
+1
Jasa
2018-07-17 22:04:49
Албетте ар бир бала оз ырыскысы менен торолот а бирок сактанбасан 30га чыкбай 10балалуу болушун турган кеп да,айымдар бир аз алды аркага карап светти очурбойлубу,азыркы заманда бир баланы багуу озу кыйын болуп турат,тороп койсо болдубу?балага бактылуу балалык да тартулоо керек.
+17
Meken28
2018-07-18 08:45:42
Jasa,sen oshol kuioosuno baryp ait sozdorundu,,
0
-Sumitra-
2018-07-18 09:03:38
Силердин оюнарга кошулам.Алына жараша торош керек.Мен дайым айтам сактанбайбы ошондо деп?Макул мурдагы жашоосу кыйын болуптур?Кийинки куйоого эмнеге тийет дейм да.Дагы боюнда бар эки бойрогу ооруса.Балдары ар жери ооруса.Эмнеге ойлонбойсунар?Кичине тын болгулачы озунорго!Эркек куноолуу дейбиз.Аял хитрая болсо,ар нерсенин алдын алса болот.Балдардын убалы кимге эми?
+8
Nevestkaa
2018-07-18 10:07:26
Элге милдет кылганыңар ашыкча.Колу буту бар адам өзү иштеп балдарын багыш кк (инвалид болсо да бир жөн анда эл да карап турбайт көптөп көмөчтөп)катуу тийсе кечирип кой Чолпонай .
+3
aziza2018
2018-07-18 20:04:37
аябай комментарий жазайын дегем,бирок жашоо бумеранг эмеспи,эртен эле кайтып озумо келишип мумкун,ошол себептен сын такпай эле олтурайынчы. Ар Бир нерсенин акыл менен чечип,ойлонуп кадам таштап жашоосу мындай эмес башка нукка озгормок.
+1
dobrajelatel
2018-07-18 20:40:45
Акыл-эс, сабр, аракет тилеймин. Негедир аянычтуу тагдырлар кобойду? Ким куноолуу? Турмушпу? Сенби? Албы? Окмотпу? Ким.....
0
Malik92
2018-07-19 15:16:00
Кыз балдарга апа-эжелери кичинесинен баштап тарбия бериш керек.Уй-булоо жонундо,куйо,кайын-журт,бала тороо жонундо.Биздин копчулук адамдарыбыз баланы торой бериш керек,ар бир бала оз ырыскысы менен торолот дей беришет.Ата-эне ошол баланы жарыка алып келеерден мурун ойлонуш керек.Балага керектуу бардык нерселерди бере алабызбы деп.Бизде бир жаштан кылып торой беришет.Балдар толук эне сутуно тойбойт,каралбайт.Же апасы балдарын эмес озун карай албай калышат.Ажырашуу ото кобойуп кетти.Куноо озубуздо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан