Орусиялык маалымат агенттигинин кызматкерине сексуалдык мүнөздөгү ыплас иш-аракеттерди жасоого шектелип Кыргыз жараны кармалды

Орусиялык "ТАСС" мамлекеттик маалымат агенттигинин кызматкерине Кыргыз жараны сексуалдык мүнөздөгү ыплас иш-аракеттерди жасоого аракет кылган. Бул тууралуу Орус маалымат агенттиктери жазып чыкты.
Маалыматка караганда, окуя Москва убактысы менен 16-июль күнү кечки саат 22:30 чамасында болгон. Анда кызга карата белгисиз жаран сексуалдык мүнөздөгү ыплас иштерди жасоого аракет кылган. Ал кыйкырып, жардам сурап баштаганда белгисиз жаран качып кеткен. Жабыркаган кыз окуя тууралуу полиция кызматкерлерине берген көрсөтмөсүндө ага кол салган белгисиз жаранды төмөнкүдөй деп сүрөттөп берген:
Азиат улутунда, жашы 30-35 чамалуу, бою 165-170 сантиметр, кең далылуу, чачы кара түстө, үстүнө ачык көк түстөгү футболка жана жынсы шым кийип жүргөн.
"Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Д.А. аттуу Кыргыз жараны кармалган. Сурак учурунда ал эч жерде иштебегендигин айткан. Учурда анын окуяга катыштыгы бар же жок экендиги териштирилүүдө", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Merelisha
2018-07-17 21:59:30
Эч болбогондо Москвада тынч журушсо.
+4
Muratmipa
2018-07-17 22:15:20
Потстава болушу мумкун бирок а эмнеге А.М деп жазылчу эле эмнеге атын толук жазып койгонсунар
+2
Pandora
2018-07-17 22:18:11
Muratmipa,мен дагы подстава деп ойлодум,кыргыздарды чукуп,кысымга алуунун бир жолу.
+2
bond02
2018-07-17 22:15:59
Аты жонун кыскартып койчу эленер го Д А деп.
+2
Elaigun1991
2018-07-17 22:24:35
Бул деген силер ашыкча эле кобойуп кетип атасындар деген белги , жакынкы кундору депортту куто берейли
+4
Gulnyr19
2018-07-17 22:40:04
Elaigun1991,коой кудай сактасын өзү эптеп иштеп жүргөндө
+6
Matahara1980
2018-07-17 22:41:30
ХХХХХХХХХ кысып тынч журбойсунорбу анан ботон жерде, ХХХХХ балакетин аласынарбы ары жоктор , лучше балдарынарга алимент тологуло таштап качып кеткен, каждый третий кыргыз кызы ыйлап журот куоом таштап кеткен деп, даже алимент ондоп толой албайсынар арсыздар
+5
Birimdik5555
2018-07-18 00:54:35
Ушул эле жетпей турат эле озу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан