Чек ара кызматы жарандарга чет өлкөгө чыгып жатканда кандай диний китептерге тыюу салынганын тактап алууну эскертет
"Чет өлкөдө тыюу салынган диний китептерди алып барган Кыргыз жарандарына административдик жана кылмыш иштерин козгогон учурлар катталган", - деп бүгүн, 17-июлда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз мамлекетинде эркин колдонулуп жаткан диний китептер коңшу мамлекеттерде тыюу салынышы мүмкүн.
"Мисалы, "Таблиги Жамаат" диний агымынын китептерине өлкө аймагында тыюу салынган. "Фазаил-а'мал. Амалдардын күндөлүктөрү", Мухаммад Саа'да Кандехлев жазган "Баяндардын жыйнагы" жана М.Юсуф Кандехлави менен М.Сад Кандехлави жазган "Хадистердин тандалмалары" китебин Казакстанда алып жүрүүгө болбойт. Чек ара кызматы чет мамлекетке чыгып жатканда кандай диний китептерге тыюу салынганын тактап алууну эскетертет", - деп жазылат маалыматта.