Бурулайдын окуясынан кийин иштен кеткен Чүй ОИИББинин мурдагы башчысы бычактан жаракат алып, ооруканага түштү

Чүй ОИИББинин мурдагы башчысы Нурлан Сарчаев бычактан жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн саат 19:00 чамасында болду. "Нурлан Сарчаев Чүй облустук ооруканасына жеткирилген. Ал жаракатты үйүнөн алганбы же башка жерденби белгисиз. Учурда Свердлов РИИБинин кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүп жатат", - деп билдирди.

Айта кетсек, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө жигит ала качып бара жаткан Бурулайга бычак сайып, ал жаракатынан улам көз жумган. Бул окуядан кийин Нурлан Сарчаев кызматтан алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chungyz
2018-07-17 23:03:57
Болду тушунуктуу
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан