Жайыл райондук милиция бөлүмүндө 20 жаштагы кызга аны ала качып бара жаткан жигит өзүнүн унаасынан алган бычакты сайган. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Чүй ОИИББинин башчысы Нурлан Сарчаев маалымат жыйын учурунда айтты.
Анын айтымында, 27-майда Сосновкадагы аймактык посттон түнкү саат 12 чамасында Subaru Outback үлгүсүндөгү унаа кармалган. Анын ичинде Марсбек Б., Акмат С. жана Турдалы кызы Бурулай болгон. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери Айткожоев кармалган унааны Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирип, окуя тууралуу рапорт толтуруп жаткан учурда Марсбек Б. менен Акмат С. ИИБдин кызматкеринин кароосунда болгон.
"Ал эми жабырлануучу жарандар кабыл алуу бөлүмүнө киргизилген. Ошол учурда милиция бөлүмүнүн эшиги такылдаган. Эки жигитти карап отурган кызматкер эшикти ачканы кеткен. Ошондо Марсбек Б. өзүнүн унаасынан алган бычак менен кыз отурган бөлмөгө кирип келип, ичинен бекитип алган. РИИБдин кызматкерлери эшикти сындырып киргенде экөө тең жерде канжалап жаткан. Бала кызга 3 жолу, өзүнө 4 жолу бычак сайган. "Тез жардам" унаасы менен аймактык ооруканага алып барышканда кыз каза болуп калган", - деди Сарчаев.
Ошондой эле ал кыздын туугандарынын "кызыбыздын көкүрөгүнө "Н+Б" деп бычак менен оюлуп жазылыптыр" деген билдирүүсүн четке какты. Сарчаевдин айтымында, окуя 1 мүнөткө жетпеген убакыт аралыгында болгон. Бул убакытта андай тилип жазуу мүмкүн эмес жана кыздын денесин экспертизага берген учурда бычактын 3 жолу сайылган жаракаты гана болгон.
Ал белгилегендей, учурда кызга жана өзүнө бычак сайган жигит ооруканада. Дарыгер анын абалы жакшыра баштаганын маалымдаган. Марсбек Б. кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып бара жатып кармалган. Маркумдун атасы "ал жигит кызымды эркине каршы ала качкан" деп билдирген. Ал эми жигит менен чогуу иштегендер экөө 3 жылдан бери кыз-жигит мамилесинде жүргөнүн айтышкан.