2018-жылдын аягына чейин 297 аскер кызматкерине мамлекет тарабынан үй берилет. Бул тууралуу Коргоо иштери боюнча комитеттин батирдик-эксплуатациялык камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Сыргабек Жумабеков 17-июлда өткөргөн маалымат жыйында кабарлады. Анын айтымында, учурда ал көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу жүрүп жатат.
"Ушул жылдын эсебинен май айында аскер кызматкерлерине Бишкектеги 54 батирдин ачкычтарын тапшырганбыз. Дагы 297 батирдин курулушу жүрүп жатат. Көп кабаттуу үйлөрдүн бири Бишкек шаарында болсо, үчөө Ош шаарында. Жыл аягына чейин бүткөрүлүп аскер кызматкерлерине тапшырып беребиз. Ишти "Аскер курулуш" ишканасы аткарып жатат", - деди башкармалыктын жетекчиси.
Ал кошумчалагандай, буга чейин үйү бар аскер адамдары эч кандай батирге ээ боло албайт.