Ош облусунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында 17-июль күнү саат 20:35те жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын күчү аймагында 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Алай районунун Мурдаш, Кызыл-Коргон, Күн-Элек айылдарында 3 балл, Таш-Коргон, Жылуу-Суу жана Кошулуш айылдарында 2,5 баллга сезилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан