Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 16-17-июлда иш сапары менен Грузияга барып, анда "Ачык өкмөт" өнөктөштүгү эл аралык демилгесинин саммитине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Абылгазиев Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили жана премьер-министри Мамука Бахтадзе менен эки жактуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Ошондой эле Абылгазиев Грузиянын Экономика жана туруктуу өнүктүрүү министрлигинин туристтик тармакты жана пенсиялык тутумду реформалоо жаатындагы, Каржы министрлигинин фискалдык саясат тармагындагы ишмердүүлүгү менен таанышты.
Андан соң ал Грузиянын Юстиция үйүнө жана Ички иштер министрлигинин биргелешкен операциялар борборуна барып, Грузиянын "Акылдуу шаар" долбоорунун иштөө тажрыйбасы менен таанышып чыкты.
Ошондой эле Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапарынын алкагында "Ачык Өкмөт" өнөктөштүк эл аралык демилгесинин башкы директору Санджай Прадхан менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын "Ачык Өкмөт" демилгесине катышуусун талкуулашты.