Океандын түбүндө 2 сутка жатып, бирок иштен чыкпаган iPhone табылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, британиялык суучул Керис Херс океандын түбүнөн смартфон таап алган. Ал уюлдук телефонду экраны күйүп-өчүп жаткан кезинде байкап калган. Керс Дорсет жээгине жакын акваланг менен сууга түшүп жаткан мезгилде смартфонду таап алып чөнтөгүнө салып койгон. Үйүнө келген соң смартфон сууда жатканына карабай иштеп жатканын, кубаты дагы 84 пайыз экенин байкаган.
Кийинчерээк белгилүү болгондой, iPhone 7 Plus үлгүсүндөгү телефондун ээси канадалык айым болгон. Ал мындан 2 күн мурда Ла-Манш жээктеринде эс алып жүрүп смартфонун сууга түшүрүп алган. Херси аппаратты өз ээсине Канадага почта аркылуу салып жиберген.
.