Бүгүн, 18-июлда Бишкектин бир катар көчөлөрүндө жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасы маалымдады.
Маалыматка ылайык, жарык оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
Жарык берүү өчүрүлүүчү аймактар:
Саат 09:00дөн 12:00гө чейин - Абакан, Белгород, Алыкулов, Архангельский, Камчатский көчөлөрү;
Саат 09:00дөн 18:00гө чейин - Чыгыш-5 кичи районундагы №31, 32, 33, 42, 44, 53 үйлөр.
Бул аймактарда атайын бригадалар иш алып барат.