Жыл башынан бери Орусиянын "кара тизмесинен" 7 миң Кыргыз жараны чыгарылды. Бул тууралуу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 18-июлда өткөрүп жаткан маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, "кара тизмеде" дагы 70 миң жаран калды.
"2017-жылдын аягында "кара тизмесинде" 77 миң Кыргыз жараны бар болсо, 2018-жылдын 1-июлуна карата 7 миңи чыгарылды. Калгандарын да чыгаруу иштери улантылып жатат. Бирок 70 миңдин 45 миңи соттун чечими менен тизмеге кирип калгандыктан, аларды чыгаруу аракети узак убакытты алат. Азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз", - деди Абдылдаев.