6 айда чет өлкөдө 121 Кыргыз жараны каза болду

6 айда чет өлкөдө 121 Кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 18-июлда берген маалымат жыйынында айтты. Анын айтымында, көпчүлүгү Орусиянын аймагында каза болушкан.

"Чет өлкөдө жашап жана иштеп жүрүп кырсыктан жана оорудан каза болгон Кыргыз жарандарынын саны 121. Анын 80ге жакыны Орусиянын аймагында, 63ү Москва шаарында каза болгон. Ал эми алардын сөөгүн жеткирүү үчүн Кыргыз мамлекетинин Миграция кызматы жана биздин элчилик керектүү документтерди чогултууда жардам берип жатат. Андан сырткары авиакомпаниялар менен да сүйлөшүп, акысыз жеткирилип келүүдө", - деди Абдылдаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан