Эртең, 19-июлда президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн жарандык секторунун өкүлдөрү менен жолугушат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууга 30дан ашык өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана коомдук активисттер чакырылган. Жарандык сектор өкүлдөрү менен президенттин диалогунун алкагында өлкөнүн турмушуна жана мамлекеттик органдар менен жарандык сектордун ортосундагы өз ара аракеттенүүгө тиешелүү маселелер боюнча пикир алмашуу болот.