Ысык-Көл районунда 17-июль күнү саат 11:45 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Бактуу-Долоноту, Бостери жана Булан-Сөгөтү айылында сел жүргөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, селдин кесепетинен Бостери айылында ички чарбалык каналдан суу ашып, 15 турак үйдүн жана Бактуу-Долоноту айылында 3 турак үйдүн короо жайларын каптаган. Мындан сырткары Булан-Сөгөтү айылында 1 орто мектептин, 1 бала бакчанын жер төлөсүнө сел суусу кирип, 13 турак үйдүн короо жайын каптаган.
Маалым болгондой, кырсыктын кесепеттерин жоюуга министрликтин куткаруучулары, райондук Жарандык коргонуу комиссиясы, аталган айылдардын тургундары жана керектүү техникалар тартылып, 18-июлда сел суусун тазалоо иштери толук аяктады.