Сооронбай Жээнбеков Кыргыз мигранттары менен жолукту

Бүгүн, 18-июлда президент Сооронбай Жээнбеков чет өлкөлөрдө эмгектенген мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкерлик жана Кыргыз экономикасынын өнүгүшү үчүн ыңгайлуу чөйрөнү бекемдөө боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчы менен маектешүү учурунда жолугушуунун катышуучулары алардын демилгесин колдогону үчүн ыраазычылык билдиришти, аймактардын, бүт өлкөнүн экономикасына инвестиция алып келүү боюнча пландары тууралуу айтып беришти.

Жолугушуунун катышуучусу Өмүрбек Үмөталиев мекендештер миграцияны азайтууга жана аймактарды өнүктүрүүгө салым кошуп жатканын белгиледи.

Орусиядагы жеке ишкер Толкунбай Акматов ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү мигранттарды медициналык жактан камсыздандыруу жана пенсия төлөмдөрү боюнча маселелерди көтөрдү.

Ишкерлердин эл аралык ассоциациясынын президенти Акбар Маразыков эмгек мигранттары Кыргыз жергесинде ачып жаткан ишканаларга салык төлөмдөрү жана фискалдык текшерүүлөр боюнча жеңилдиктерди берүү мүмкүнчүлүгүн кароо өтүнүчүн айтты.

Орусияда "Өлүмдөн сактап калганы үчүн" медалы менен сыйланган Кыргыз жараны Марат Исаев миграциялык каттоо боюнча маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Орусиядагы жеке ишкер Бакыт Абдыкадыров жеңил өнөр жайын өнүктүрүүдө жаңы технологияларды колдонууну киргизүү жана тигүүчүлүк бизнесин жаңы деңгээлге көтөрүү зарылдыгын белгиледи.

"Мен фонддорду, коомдук бирикмелерди уюштуруп, өз айылы, кичи мекенине жардам берген биздин мигранттарга абдан ыраазымын. Акырындап эмгек мигранттары Кыргыз Республикасынын жаңы экономикасынын реалдуу инвесторлоруна айланып баратышат. Алар өз эмгеги менен өлкөнүн экономикасына салым кошууда", - деп белгиледи Жээнбеков.

Президент миграцияны азайтуу үчүн аймактарды өнүктүрүп, кайра иштетүү ишканаларын ачып, жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылуу зарылчылыгын белгиледи.

Ал мамлекеттик банктар, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Кепилдик фонду аймактардагы ишкерлер менен тыгыз иштешип, аларга жеңилдетилген насыяларды берип жатышканын эске салды.

Сооронбай Жээнбеков суроолорго жооп берип жатып айтылган маселелер боюнча өкмөт жана парламент тиешелүү жумуштарды аткарып жатканын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда өлкө башчы мигранттарга "Манас" эпосу китебин белекке берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Chagylgan1
2018-07-18 17:18:34
Арасынан 1-2 гана мигранттардын койгойун которушу мумкун. Калгандары оз комочуно кул тарткан бизнесмен бай мигранттар... Алардын карапайым мигранттарды ойлогон ой-санаасы жок, Соке сыяктуу...

Соке мигранттарга кам корсо экономиканы которуп мигранттарды кайтармак олкого, кайдан, Соке кайра "базаркомдорду" мэр шайлатып отурса экономика кайдан онуксун да, мигранттар кайдан кайтсын олкого...

Соке куру создон ишке отпогон, оозу палван бири экен, колунан ... келбеге
+20
shergazy9
2018-07-18 18:16:58
Chagylgan1,алардан эмнен кем катарына кошулуп албайсынбы,аягынан бироо кармап жатабы
-7
Majit1975
2018-07-18 17:22:53
"Зарыл"жана "керек"деген сөздөрдү көп колдонот экен
+4
Mirlan27011987
2018-07-18 17:58:18
Мени бир нерсе кызыктырып калды. Мына мен кыргызчылыка кызыккан адаммын. Озум Тенирчилик маданиятка кызыгам жана изилдегим келет. Бул жаатында бизде тарыхчылар, адистер аз. Манас Атабыздын китебин белек кылып бергенине кыргыз катары ыраазымын. Ушул Манас атабыздын китебин руханий жактарын озунчо болуп чыгарышса жакшы болмок. Болбосо бизде арабча кооз жазылган хадистерди окуй беришеп, арабчыл болуп кетип жатышат.
-10
Merelisha
2018-07-18 18:12:06
Mirlan27011987,ХХХХХХ ХХХХХХ Ошо Хадис кимдин созу? Кайдан келип чыккан ?-билесинби? Аллахты тааныбайсынбы? Пайбагамбарыбыз (САВ)Ким экенин билбейсинби? Араб да ,Озбек, Тажик, Кыргыз, Турк ж.б ушулардын баары мусульман болот! Куран китеп Араб тилинде тушкон,ошол себептен дуйнодон кайтыш болгуча Араб тилинен айланып,Куранды окуп ,жаттап улгуруп кал,Эгер Бейишти кааласан,тообо келтирип келмени айтып кал!Минус баспагыла,билдируумду да очурбогуло!
+9
Mirlan27011987
2018-07-18 18:21:21
Merelisha,Мечиттерде силерди ушундай агресивный кылып даярдап жатат. Кудайга шугур Тенирчилик маданиятына кызыгып колдогдордун саны осуп жатат. Ар кимдин жеке иши ким кандай маданиятка, ырым жырымга ишенет. Мен кыргызчылыка ишенем. ХХХХХ ХХХХХ Акыркы жайнаган мечиттер кыргыздын уулдарын арабташырууга отту. Мен учун Манас китеби ыйык.
-3
jbolotov
2018-07-18 20:54:59
Mirlan27011987,Манас атабыз Беежинди чаап алып Жунгону(кытай) багындырып алардын хан сарайын ээлеп алат. Кытайдын хан сарайында танга маал Намаз окуп атканда артынан Конур бай чаап кеткенин окусан. Манас ким? Ал болгону баатыр, баатырга сыйынасынбы же эзели бар болгон Аллахабы? Акылына кел.
+3
meni_kut
2018-07-18 19:11:31
Mirlan27011987,Ааламды сел алса ордокко эмне кам болбой темага коммент жазсанар.Сенин тенирчилигин эмне кызыгы бар, Москвада документ маселеси чечилсе экен.
+3
Azatbek.Svoboda.
2018-07-18 19:26:24
Mirlan27011987,Президент беш убак намаз окуйт.Манас Кыргызды топтоп коргогон эл баатыры. ХХХХХ ХХХХХХХХ
+2
talaa11
2018-07-18 18:06:08
Марат Исаевдин маселеси жакты мага
+3
Rajo100
2018-07-18 18:10:09
Мaрaт aзaмaтcын бир гaнa ceн aзыркы мигранттaрдын uынaлып тyргaн койгойyн которyпcyн. Бирок Жээнбеков ueue aлбaйт бyл маceлени
+2
Ulan8383
2018-07-18 18:17:19
Баардыгы из комочуно кул тарткан клоундар.Оздорун корсотур сама пиар кылгандан башка эч нерсе бутурушбойт.
0
bekmirzach
2018-07-18 18:37:53
Мигранттарды маселеси өтө оор маселелердин бири. Президент алардын өкүлдөрүн кабыл алып өз ооздорунан аларда болуп жаткан көйгөйлөрдү угуп кол сунуп жаткан экен. Анын бул аракети мигранттардын маселесин чечүүгө кандайдыр бир деңгээлде жардамы тийет.
+1
take.kg86
2018-07-18 18:58:26
Марат азыр эмне жумушта иштеп жатат Марат азаматсың эң керектүү маселени көтөрүпсүң
+2
nazi25
2018-07-18 19:07:00
Жакшынакай мигранттар го
0
Azatbek.Svoboda.
2018-07-18 19:37:22
Айттыда койду да кагазда жазылып калдыда!
0
meni_kut
2018-07-18 21:46:03
Марат жарайсын эн керектуу теманы которуптур,кыргызга куйгон жигит мына ушул
+1
Nursbaike
2018-07-18 21:56:15
Супер инфо силер кыйналган адамдарды таап чыгаргыла эл жардам берип атат ошо жумушунар соонун.
+1
jbolotov
2018-07-19 02:57:58
Мигранттар маселесин чеч деп президентке басым жасайбербей бираз карманалы, ал кишигеда кыйын болуп атат, анткени Атамбаевди куурчак кылып конгон Кремль куйуучу майлар,мигранттарды кысуу аркылуу Жээнбековду Кыргызстанды оз куурчагына айлантуу аракети болуп атат. Биз бираз кыйналсакта Орус саясатына конбошубуз керек, Абылгазиев Грузияга кетти, демек Оруссияга Кыргызстанда кыр корсотуп аткпнынын белгиси.Президентти колдойлу.
0
admin_superstan
2018-07-19 16:25:15
Nursbaike,
Эскертүү! Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан