Кыргыз жеринде биринчи ирет тоодогу веложарыш өтөт. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов 18-июлда өткөргөн маалымат жыйынында кабарлады. Анын айтымында, иш-чара 18-августта башталып, ага 95 спортчу катышмакчы.
"Жарыш 18-августтан 1-сентябрга чейин Бишкек-Токмок-Нарын-Соң-Көл-Ысык-Көл-Кемин жолунда болот. Ага Түштүк Африка, Казакстан, Франция, Голландия, Ирландия, Финляндия, Австрия, Норвегия, Швейцария, Германия, Индия жана башка өлкөлөрдөн келген спортчулар катышмакчы. Албетте, алардын арасында Кыргыз мамлекетинин атынан Гүлбара Оморова аттуу кыз катышат", - деди Жамангулов.
Долбоорду уюштуруп жаткан улуу британиялык Нельсон Тристин айтымында, аталган иш чараны Кыргыз жеринде өткөрүүгө жаратылыштын кооздугу түрткү болгон.