Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов күйүүчү жана майлоочу майлардын бааларын турукташтыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
"Күйүүчү майдын баасынын өсүүсү калкта мыйзам ченемдүү тынчсызданууну жаратат. Бензиндин баасынын көтөрүлүшү көптөгөн кызматтардын жана товарлардын, анын ичинде азык-түлүктөрдүн кымбатташына алып келет. Биз күйүүчү майдын баасынын кескин көтөрүлүшүнө жол бербешибиз керек", - дейт Кубатбек Боронов.
Кеңешменин жүрүшүндө Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Алымбек Орозбеков республикадагы күйүүчү майдын рыногундагы учурдагы кырдаал тууралуу маалымат берди.
"Күйүүчү майдын баасынын негизги өсүүсү 2018-жылдын май айынын аягында июндун башында жүргөн. Быйылкы жылдын июнунун экинчи жарымынан баштап баанын өсүшү байкалган эмес. Ага Орусияда мунайзат өндүрүмүнүн дүң баасы кескин жогорулап кеткени себеп болгон. Чийки мунайзаттын баасы эмдигиче дээрлик үзгүлтүксүз көтөрүлүүдө. Май-июнда эле ал 9-10 пайыз жогорулап, акыркы 3 жарым жылда биринчи жолу баррелине 80 доллардан жогору көтөрүлгөн", - дейт Орозбеков.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине күйүүчү майлардын бааларынын кырдаалын көзөмөлгө алууну жөндөөнү тапшырды.