Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында "Мак" операциясынын алкагында жапайы өскөн 600 килограммдан ашык кара куурай өрттөлүп, жок кылынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
Маалыматка ылайык, июнь айынын башында Каракол шаарынын милициясы, мэриянын өкүлдөрү менен бирге Пристань-Каракол аймагынан жапайы өсүп жаткан кара куурай баскан аймактарды иликтеп аныктаган.