Бишкекте 13 жаштагы Айназик Эмил кызы бир жумадан бери изделип жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өспүрүм ушул жылдын 12-июлунда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Өзгөчө белгилери: бою 165 сантиметр, арык, чачы, көзү кара. Сол жак капталында операциядан калган тырыгы бар. Үстүнө күрөң түстөгү футболка кийин жүргөн.
Айназикти көргөн-билгендер болсо, Свердлов райондук милициясы төмөндөгү номерлер аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.
0 (312) 43-32-75, 0 (772) 05-20-00, 0 (556) 85-58-12, 0 (702) 22-85-05.