Бишкектеги көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан 25-30 жаштар чамасындагы аял кулап түштү

Бишкекте 25-30 жаштагы аял көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан кулап түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-июль күнү саат 09:20 чамасында Токтогул көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан 25-30 жаштагы азиат түспөлүндөгү аял кулап, 1-кабаттагы чатырдын үстүнө кулап түшкөн. ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары аялды чатырдан түшүрүп "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бул окуя боюнча Бишкек ШИИББи буларды билдирет. "Көп кабаттуу үйдөн кулаган 28 жаштагы К.А. аттуу кыз. Учурда ал ооруканада өзүнө келе элек. Окуя боюнча маалыматтар такталып жаткандыгына байланыштуу кененирээк маалымат бир аздан кийин берилет", - деди басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан