Сүйүү, күтүү, табышуу, ажырашуу, кайгы жана бакыт... Так ушул сезимдер, турмуштан алынган жүрөк сырлары "SUPER TV'нын" "Жүрөк сыры" долбоорунда.
- Бой жетип, окууну бүткөндө сүйлөшкөн жигитим Муратка баш коштум. Убакыт өтүп, ортодогу кызыбыз да чоңойду. Бара-бара жашообуз оорлошуп, кыйнала баштадык. Айласыздан күйөөм Казакстанга иштеп акча таап келүүгө кетти. Мен да майда-чүйдө сатып, анча-мынча акча таба баштадым. Алгачкы убактарда акчаны үзбөй салып, кызыбызды сурап жүргөн күйөөм бара-бара чалганын да, акча салганын да азайтты. Жумушуна жараша акчасы азайган окшойт деп жүрдүм. Арадан бир жарым жыл өтсө да, шаарга келген жок. Чалып сураганда "биротоло барайын, келип-кеткенге деле көп акча кетет" дегенинен анысын туура көрдүм.
Кеткенине 2 жылдан ашканда күйөөм тууралуу түрдүү кептер мага жете баштады. Көрсө, күйөөм төрөбөгөндүктөн күйөөсү менен ажырашкан бир аял менен бирге жашап алыптыр...
Окуянын видеосун толугу менен шилтеме аркылуу өтүп, "SUPER TV'дан" көрүңүз.