Поезд менен жүргүнчү ташуу пайдасыз болуп калды. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын ишмердүүлүгү боюнча 19-июлда өтүп жаткан талкууда айтылды. "Кыргыз темир жолу" ишканасынын башкы директорунун орун басары Руслан Бектемировдун айтымында, жүргүнчү ташуудан ишкана жылына 700 миллион сомдун тегерегинде чыгашага учурап жатат.
"Бизге өзгөчө жүк ташуудан пайда түшөт. Жүргүнчү ташуудан келтирилген чыгашаларды жүк ташуудан түшкөн акча менен толуктап келебиз. Андан сырткары билет тарифинде да көйгөй болуп жатат. Себеби темир жол Бишкектен Казакстандын чек арасына чейин 150, андан ары Орусияга чейин 3 миң, Орусиянын чек арасына киргенден кийин Москвага чейин 2 миң чакырым болгондуктан, бул эки өлкө чыгашаларына жараша ар бир аралыкка өздөрүнүн кошумча тарифтерин коюп алып, жыйынтыгында билеттин баасы көтөрүлүп кетип жатат. Азыр Бишкектен Москвага чейин орточо эсеп менен алганда бир билеттин баасы - 14 миң сом. Учакка билет баасы 8-10 миң сом болуп жатат. Анын үстүнө поезд менен 72 саатта жетсең, учак менен 4-5 саатта жетип каласың. Мына ошондуктан биз авиакаттам менен атаандаштыкка бара албай жатабыз. Азыр билет тарифи боюнча биз эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чечүүгө аракет кылып жатабыз", - деди Бектемиров.