Каржы министрлиги: "2007-жылы ачылган эки эсепке түшкөн каражат тышкы карызды тейлөөгө жумшалган"

2007-жылы июнь айында Улуттук банкта өлкөнүн тышкы карызын төлөө үчүн эки элдик эсеп ачылган. Бири кыргыз сому менен, экинчиси АКШ доллары менен ачылып, 2012-жылы июль айында кайра жабылган.

Каржы министрлигинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдиргендей, сом менен ачылган эсепте 803 миң 817 сом 77 тыйын сом чогулган. Ал эми доллар менен ачылган эсепте 3 миң 350 доллар топтолгон. "Чогулган бардык каражаттар Байкоочу кеңештин 2012-жылдын 6-мартындагы чечими менен тышкы карызды тейлөөгө жумшалган", - деп билдирди.

Быйыл июнь айында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте отчёт берип жатып тышкы карыздан кутулуу үчүн коррупциялык иштерден өндүрүлгөн жана мамлекетке жардам берүүнү каалагандар үчүн атайын эсеп ачыла турганын билдирген. Ал 22-июнда коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан