Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрүндө жарык өчүрүлөт

Бүгүн, 20-июлда Бишкектин 34 көчөсүндө жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, атайын бригада көмөк чордондорду калыбына келтирет жана жарык берүү линияларынын тирегичтерин түздөшөт, ошондой эле жаңы түркүктөрдү орнотуп жана башка оңдоп-түзөө иштерин аткарат.

Жарык берүү төмөнкү көчөлөрдө өчүрүлөт:

Саат 09:00-11:00гө чейин Жаш Гвардия бульварында, Фрунзе, Абдумомунов, Калык Акиев, Темирязев, Үмөталиев жана Рыскулов көчөлөрү;

Саат 09:00дөн 14:00гө чейин Алматы көчөсүндө, Жибек Жолу кең көчөсүндө (Аламүдүн районунун аймагы);

Саат 09:00дөн 17:00гө чейин Древесная, Осмонкул, Күрөңкеев, Панфилов жана Эстонский көчөлөрү;

Саат 09:00дөн 18:00гө чейин Кривоносов, Циолковский көчөлөрү, Луцкий кууш жолу;

Саат 09:30дан 17:00гө чейин Тыныстанов жана Медеров көчөлөрү;

Саат 09:30дан 18:00гө чейин Боталиев, Кызыл-Кыя, Измайловский, Дарханский, Саруу көчөлөрү, Ужгород туюк көчөсү;

Саат 11:30дан 13:00гө чейин Леваневский, Абдыкадыров, Шмидта, Тайшетская, Красная жана Матыева көчөлөрү;

Саат 15:00дөн 17:00гө чейин Арча-Бешик конушу (Эр-Тайлак, Камбар-Ата жана Арча-Бешик көчөлөрү).




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан