Ысык-Көлдө кылмыш кылган адамдар - эч жерде иштебегендер же окубагандар

Ысык-Көл ОИИБинин биринчи жарым жылдыгында ички иштер органдарында катталган жалпы кылмыштуулуктун саны 1103 түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жогорулаган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин аркы 6 ай боюнча берилген маалымат жыйынында айтылды.

Маалыматка ылайык, облуста акыркы айларда өзгөчө оор кылмыштардын саны кыскарган. Мисалы, зордуктоо, адам өлтүрүү фактылары. Акыркы алты айда жалпысынан 1072 кылмыш иши тергелип, 780 кылмыш ишинин бети ачылган.

"Негизинен кылмыш жасаган адамдар жергиликтүү тургундар болуп эсептелинет. Эгерде облусубуздун аймагында 786 адам кылмыш жасагандыгы аныкталса, анын ичинен 566 адамы жергиликтүү тургундар болуп эсептелинет. Кылмыш жолуна барышкан 457 адам эч жерде иштебегендер жана окубагандар", - деди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Krai
2018-07-20 09:34:19
Аа Анда эч жерде иштебегендер болсо кылмыш кылса боло берет деген тушунуко жакындагандай го
0
Luna15
2018-07-20 10:47:31
Колдоле эмес жердин баарындале кылмышкерлердин кобу иши жок бекерчилерда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан