Ысык-Көл облусунда акыркы 6 айда баңгизаттарга байланышкан кылмыштар боюнча 88 адам кармалып, алардын төртөө аял болгон. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, облуста баңгизаттарга байланышкан кылмыштар боюнча 88 адам кармалган, алардын ичинен 80 адам жергиликтүү тургундар болгон.
"Азыркы учурда комплекстүү иш-чаранын негизинде облусубуздун аймагында жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте кара куурайды жок кылуу боюнча иштер кызуу жүрүп жатат. Айтсак, тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан облусубуздун 593 миң 202 гектар жери изилденип, анын 493 миң 85 гектар жеринде кара куурай өскөндүгүн аныкталган. Бүгүнкү күндө жапайы кендир менен жабыркаган жердин 72,2 гектар жери тазаланып, 38 тонна 340 килограмм кара куурай жок кылынды", - деди маалымат катчы.