Ысык-Көл облусунда ушул жылдын 6 ай аралыгында 108 жол кырсыгы катталып, 27 адам каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин берген маалымат жыйынында айтылды.
Маалыматка ылайык, ушул жылы катталган жол кырсыгы өткөн жылга салыштырмалуу 37 учурга аз. Ал эми катталган кырсыктан 27 адам каза болсо, 164 адам денесинен ар кандай жаракаттарды алышкан. Жаш өспүрүмдөр катышкан 17 кырсык катталып, анын кесепетинен 4 өспүрүм каза болсо, 21и ар кандай жаракаттарды алышкан.
"Милиция кызматкерлери тарабынан жасалган кылмыш иштери жана мыйзамдуулук менен кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн тартип жоопкерчилигине 208 кызматкер тартылган. Анын ичинен 45и мыйзам бузгандыгы үчүн, 162си кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн болуп эсептелинет", - деп кошумчалады басма сөз катчы Сталбек Усубакунов.