Чүйдө жоголгон эки өспүрүм табылды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда дайынсыз болуп жаткан эки өспүрүм табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

"Изделип жаткан Медербек Кубанычбек уулу жана Исламбек Назарбаев 19-июль күнү түндө табылды. Алар дайынсыз болгон учурда Бишкек шаарынын айланасында жүрүшкөнүн, андан соң өздөрү жашаган айылга кайтып келишкенин инспекторго айтып берген", - деди маалымат катчы.

Эске салсак, Аламүдүн РИИБи 14 жаштагы эки өспүрүмдүн дайынсыз болуп жатканын кабарлап, издөө жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kattaldym
2018-07-20 12:09:58
Meesi joktor. Ata enenerdin dalay chachy agardy go ar kaysyny oylop.
+3
Shaa-82
2018-07-20 13:23:39
Жакшы аман эсен табылышыптыр.
+2
Aitik
2018-07-21 11:33:59
Жакшы болгон турбайбы кудайым ай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан