Бүгүн, 20-июлда Албек Ибраимовду кызматтан кетирүү боюнча премьер-министр кол койгон токтом Борбордук шайлоо комиссиясына түштү.
Аталган комиссиянын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов SUPER.KG порталына билдиргендей, БШКнын мүчөлөрү 23-июлда жыйынга чогулуп, шайлоо качан болору белгиленет.
Эске салсак, 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Кечээ, 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ибраимовду кызматтан кетирүү токтомуна кол койгон.
Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. Кечээ, 19-июлда Ибраимов УКМК тарабынан кармалган.