Ушул жылдын январь айында Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн Борис Матузный аттуу Орус жараны Испаниядан колго түшүрүлүп, жанынан Кыргыз жаранына таандык паспорт табылган. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, ага паспорт 2016-2017-жылдары жасалма ат менен Сузак районунун калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнөн берилгени аныкталган.
Мамлекеттик каттоо кызматы ИИМдин тараткан маалыматына жооп кайтарды. Аталган мекеменин басма сөз катчысы Мелис Эржигитовдун SUPER.KG'ге 20-июлда билдиришинче, Борис Матузныйга Кыргыз паспорту алгач ИИМ тарабынан берилген.
"1994-жылкы үлгүдөгү паспорт бар. Ошол паспортту тез арада жасап алууга эң оңой болгон. Орусиялык жаран башка эле Кыргыз жаранынын паспортунун маалыматтарынын негизинде 2003-жылы ИИМден паспорт алган. Себеби паспорт даярдоо Мамлекеттик каттоо кызматына 2012-жылы гана өткөрүлүп берилсе, ага чейин ИИМ тарабынан берилчү. Орусиялык жаран ошол эски үлгүдөгү паспорттун негизинде Сузак районундагы кызматкерлер менен сүйлөшүп, 2016-жылы жаңы паспорт алган. Күнөө эки тарапта тең бар. Эски паспорт болбосо, биздикилер жаңысын бермек эмес. Биз кызматтык иликтөө жүргүздүк. Ал жерде биздин кызматкердин да күнөөсү анык болуп жатат. Анткени кызматкер паспорт жасалма аттын негизинде берилип жатканын алдын ала билип туруп, жасап берип койгон. Ал дагы жазага тартылышы керек.
Азыр андайга жол жок. Мурда түрмөдө жаткан кылмышкер болосуңбу, качып жүргөн кылмышкер болосуңбу паспортту өзүң барбай туруп эле телефон чалып же башка адамдар аркылуу алып алсаң болот эле. Себеби маалыматтар кол жазма аркылуу толтурулчу. Ошондуктан 1994-жылкы үлгүдөгү паспорт өлкөнүн беделине залакасын тийгизди. Азыр паспорт алуу үчүн калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмдөрүнө өзүң келбесең, паспорт ала албайсың", - деди Эржигитов.